БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун жаңы жетекчиси Аскат Акибаевди аталган дубандын коллегия жыйынында вице-премьер Олег Панкратов тааныштырды.
Маалыматка ылайык, буга чейин кыргыз өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмил Каптагаев өз ыктыяры менен кызматтан кетип жатканын айткан.
Акибаев буга чейин Ысык-Көл облусундагы "Аврора" санаторийин 2011-жылдан бери жетектеп келген.