Эл аралык сулуулук конкурсунда Кыргызстандын намысын Барчын Казакбаева коргойт

Жазылуу
Быйылкы сулуулар конкурсуна дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн бийкечтер катышат. Финал быйыл март айында Индияда өтөт. Ааламдын азыркы сулуусу — Колумбиялык кыз.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Барчын Казакбаева эл аралык "Супермодель International-2016" деп аталган конкурста Кыргызстандын атынан катышат. Бул туурасында конкурстун

Эл аралык "Супермодель International-2016" деп аталган алтынчы конкурска кыздар дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн катышат.

Буга чейин жарыштын финалы Бангок шаарында — алардын штаб-квартирасында өтөрү маалымдалган. Кийинчерээк ал Индиянын борбору — Нью-Делиге жылдырылып, 21-мартка белгиленди.

Былтыркы "Супермодель International 2015" конкурсунда башкы таажыны Колумбия чүрөгү Александра Арболеда кийген.

Жаңылыктар түрмөгү
0