ЖМК: Казакстанда бир жаран "чочко тумоосунан" каза болду

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүПоликлиникадагы тактача. Архив
Поликлиникадагы тактача. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
H1N1 вирусунан Казакстанда бир жаран каза болгонун өлкөнүн башкы санитардык дарыгери тастыктады.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Быйылкы эпидемиологиялык сезондо бир киши грипптен каза болгонун Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшинге шилтеме берүү менен Новости-Казакстан маалымат агенттиги билдирди. 

Башкы санитардык дарыгердин айтымында, Казакстанда башка мамлекеттердегидей жыл сайын грипп 1-2 киши каза болот.

"Мындай кишилер өз алдынча дарылангандыктан ушундай жыйынтык болууда", — деген Бекшин.

Башкы санитардык дарыгер грипп менен ооруганда дарыгерге убагында кайрылып, керектүү жардамды алуу керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0