БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Панфилов районунун Чалдыбар айылынан курулуш материалдарын ташып келе жаткан "Вольво" үлгүсүндөгү унаанын жашыруун жайынан 2,2 миллион сомдук нефрит таштары табылды. Бул туурасында Финансы полициясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, унаа Иркусткиден келе жаткан. Баалуу минерал жыгач-таштын алдына катылып келген.
Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Мыйзамсыз ишмердүүлүк" жана "Салык төлөөдөн баш тартуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.