БИШКЕК, 4-янв. – Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-январында Чүйдө катталган жол кырсыгынан эки жарандын каза болгонун облустук ИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек — Күн-Туу унаа жолунда "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү унааны айдап келе жаткан айдоочу жолдон өтүп бара жаткан адамды коюп кеткен. Алган жарааттарынан улам ал ооруканага жетпей каза болгону белгилүү болду. Айдоочу да, жолоочу да 24 жашта экени айтылууда.
Беловодск — Төмөн-Суу унаа жолунун 10-чакырымында мас абалындагы айдоочу унааны башкара албай бакты сүзгөн. 36 жаштагы жаран Москва райондук ооруканасына жеткирилип, реанимация бөлүмүндө эсине келбей каза болгон.
Учурда аталган кырсыктар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Автоунаалар айып короого токтотулду.