БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. КР премьер-министри Темир Сариев Жаңы жылды "Ала-Тоо" аянтында эл менен тосо турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
"Премьер түнкү саат он экиге жарым саат калганда эл менен аянтта болот. Ал президенттин куттуктоосун монитор аркылуу көрүп, майрамдык салютка күбө болот. Андан соң үйүнө барат", — деп билдирди маалымат кызматынан.
Белгилей кетсек, майрам күнү борбордук аянттагы коомдук тартипти 1500 милиция кызматкери камсыз кылат.