БИШКЕК, 30-дек. – Sputnik. Россиянын мамлекет башчысы Владимир Путин президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу КРдин президентинин маалымат кызматынан билдирди.
Куттуктоо телеграммасында кыргыз-россиялык мамилелердин бардык түйүндүү багыттарында сезилерлик ийгиликтер болгону айтылат.
"Биз аймактык иштерде өнөктөшүп, өз ара аракеттенишүүнүн алкагын кеңейте алдык. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусу да зор мааниге ээ болду", — деп белгиленет телеграммада.
Путин Атамбаевге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана ийгилик, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына — тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.