БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жаңы жылдык майрамдардан улам кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт-автодорожный" жана "Иркештам-автодорожный" өткөрүү пункттары жабыла турганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кытай тараптын демилгеси менен чек ара 2016-жылдын 1-3-январь күндөрү убактылуу жабылат.
Жол кыймылы жана жарандардын өтүүсү 4-январдан баштап жанданмакчы.