БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Сергей Рычков Череповец шаарында журналист болуп иштейт, бул сапар ал Бишкекке Россиянын Аяз Атасынын расмий чабарманы катары келди. Ал бир топ жылдардан бери ар кайсы аймактардагы балдарга кубаныч тартуулап, белек таратып келет.
Өзүнүн сапарында Рычков социалдык борборлорго, балдар үйүнө, көп балалуу үй-бүлөлөргө барып, кайрымдуулук иш-чараларына катышат. Журналист мындай миссия менен Россиянын булуң-бурчтарында, бир топ жакынкы чет өлкөлөрдү болгон. Бул сапар чабарманга Кыргызстандан туз буйуруптур. Ал эки күн ичинде ысык-көлдүк жана оштук балдарга кубаныч тартуулайын деп турат.
Ал эми борбор калаанын балдарына белек катары балаты ала келди, жаш карагайды "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери борбордук көчөлөрдүн бирине отургузат. Ал эми шаардыктарга Череповец шаарынын мэринин атынан Аяз атанын жыгачтан жасалган кебин тапшырды.