БИШКЕК, 29-дек. – Sputnik. Франция "Ислам мамлекети" террористтик тобуна каршы эл аралык коалициясынын аба сокккулары боюнча 20 пайызын түзөөрүн "Шарль де Голль" согуш кемесинин адмиралы Рене-Жан Криньола билдирди.
"Биз коалициянын 20 пайыз соккуларын жөө аскерлердин колдоосу менен ишке ашырып жатабыз, айрыкча Ирактагы Эр-Рамадидеги кармашууда активдүүлүк көрсөтүүдөбүз", — деп Криньола BFMTV телеканалына берген интервьюсунда айтты.
Адмиралдын айтымында күнүмдүк аба соккуларынан сырткары Франциянын аба күчтөрү Ирак менен Сирияда чалгындоочу иш аракеттерди жүргүзүп жатканын кошумчалады.
13-ноябрда террористтердин атайын даярдалган үч тобу Парижде жана шаар четиндеги Сен-Дениде бир нече чабуул жасаган. Жалпысынан согушкерлердин айынан 130 адам каза таап, 350 жаран жаракат алган.