БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Оштун үч балбаны Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевдин элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча мелдештин жеңүүчүсү болушту.
Ош мэриясынын алдындагы дене тарбия жана спорт комитетинин адиси Фарух Сыдыковдун айтымында, турнир "Алыш" спорт-комплексинде 26-27-декабрь күндөрү болуп өткөн. Ага Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 150дөн ашуун спортчу катышты. Спортчулар 45-95 килограммдык салмак категориясында күч сынашты.
Мындан тышкары, турнирдин 80 килограммдык салмактагы беттешүүнүн экинчи орунун 16 жаштагы Адилет Абдымалик уулу жана 24 жаштагы Уларбек Абдираим уулу ээлешти.
Турнир жеңүүчүлөрүнө ардак грамоталар, медалдар жана баалуу белектер тапшырылды.
Баяман Эркинбаев 2005-жылдын 21-сентябрында өз үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн. Ал үч ирет Жогорку кеңештин депутаты болуп шайланган.