Жыл жыйынтыгы:кыргыз спортунун дүйнөлүк деңгээлдеги жетишкендиктери

© пресс-служба ГАФКиСМыкты спортчуларга дайындалган белектер. Архив
Мыкты спортчуларга дайындалган белектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футбол оюндарында күйөрмандардын кубанычы, оюнчулардын жеңиштери… 2015-спорт жылы эмнеси менен өзгөчөлөндү.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Азамат Аралбаев. Кетип бара жаткан 2015-жыл спорт жагынан алганда азиялык да, дүйнөлүк да беттештердеги көптөгөн жеңиштер менен эсте калды.

Sputnik редакциясы Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы менен биргеликте кыргызстандык спорт чеберлери катышкан олуттуу турнирлер жөнүндө окурмандарга бир эскерте кетүүнү чечти.

Дүйнөлүк деңгээлдеги футбол майрамы

Кыргызстандын Александр Крестинин жетекчилик кылган курама тобу үчүн жыл ийгиликтүү болду. Команда жети жолу беттешке чыгып, анын үчөөндө жеңишке жетип, экөөндө утулуп, дагы экөөндө атаандашы менен тең чыкты. 

Кыргызстандын курама командасынын футболчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футбол боюнча улуттук кураманын купулга толгон 10 оюну
Азыркы курама топ — бул жаңыланып, былтыркыдан айырмаланган команда. Анын курамында Кыргызстанда туулуп-өскөн немистер, бир жыл мурун эле өспүрүмдөрдүн курама тобунда ойноп жүргөн жаш футболчулар бар. Ошондуктан бул ата мекендик футбол үчүн жетишкендик. Азиянын учурдагы чемпиону – Австралиянын курама командасы менен беттештин биринчисинде үйдө (1:2) жана экинчисинде мейманда (3:0) утулуп калды. Өз тобунда үчүнчү турган Кыргызстан 2019-жылдагы Азиянын чемпионатында ийгилик камсыздоого жакшы мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары, курама топ FIFA рейтингинде өз рекордун жаңыртып, эми 108-орунда турат. Буга чейин команда эң жогору дегенде 119-орунга (2006, август) жеткен.

Кыргызстандык күрөшчүлөр эл аралык турнирлерде

Май айынын ысык күндөрү Катар грек-рим, эркин жана аялдар арасындагы күрөш боюнча чоңдор арасында Азиянын чемпионатын кабыл алган. Ата мекендик спортчулар анда бир алтын, беш күмүш жана үч коло — бардыгы болуп тогуз медаль утуп алышты.

Алыш күрөшү боюнча Азиянын биринчилигинен биздин спортчулар беш медаль алып кайтышты. Алардын үчөө — алтын, экөө — күмүш. Таймаш Польшада 8-13-октябрь күндөрү өткөн.

Андан соң күрөштүн бул түрү боюнча чеберлер дүйнөлүк чемпионатта күч сынашты. Турнир 19-23-ноябрь күндөрү Казань шаарында (Татарстан) болду. Кыргызстандык команда эки алтын, үч күмүш жана үч коло болуп, бардыгы сегиз медалга жетишти. 

Быйыл эркин күрөш боюнча ардагер Чынарбек Изабеков өзгөчөлөнүп, Грецияда өткөн дүйнө чемпионатында биринчи орунду ээледи. 

18 жашында бильярд боюнча чемпион

18 жашар Дастан Лепшаков бильярддын "динамикалуу пирамида" түрү боюнча алты жолу жеңишке жетишип, дүйнөнүн чемпиону болуу менен кыргызстандыктардын көңүлүнө толду. Жеңишке карай жолдо ал Россия менен украиналык атаандаштарын жеңип, жыйынтыктоочу таймашта белорус Евгений Салтовский менен беттешип, оор таймашта 8:7 эсеби менен утуп алды.

Кикбоксинг боюнча турнирлердеги ийгиликтер 

Мушкер Азат Үсөналиев нефть чыккан өлкөлөрдүн Кубогунда "күмүш" медалга ээ болду
Августтун башында Индияда өткөн кикбоксинг боюнча Азиянын чемпионаты Кыргызстан үчүн ийгиликтүү болду

Кыргызстандык жигиттер сегиз алтын жана беш күмүш утуп алышты. Алтын медаль ээлеринин арасында кикбоксер Алексей Федосеев да бар.

Ал эми спорттун бул түрү боюнча дүйнөлүк чемпионатта ийгиликтер анча жогору болгон жок. Сербиянын борборунда кыргызстандык спортчулар бир алтын жана эки күмүш медалга жетишти. 

Азиянын чемпионатында футболчулар менен футзалчыларга күйөрмандык кылабыз 

16 жашка чейинки футболчулар 2016-жылдагы Азия чемпионатынын тандоо турунда ийгиликке жетише алган жок. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, команда Непал жана Омандан келген атаандаштарынан утулуп, бирок акыркы турда 4:1 эсеби менен Иорданиянын курамасын жеңип кетти.

Башында команда турнирдин финалдык бөлүгүнө упайлык көрсөткүчтөрү боюнча кире алган эмес. Бирок кечирээк Азиянын футбол боюнча конфедерациясы жаш-курактык чек талабын бузгандыгы үчүн Непалдын курама тобун дисквалификациялап, анын натыйжасында Кыргызстандын курама тобу Индияга чемпионатка непалдыктардын ордуна баруу мүмкүнчүлүгүн алды. 

© пресс-служба ФФКРСтали известны возможные соперники футзалистов КР на Чемпионате Азии
Стали известны возможные соперники футзалистов КР на Чемпионате Азии  - Sputnik Кыргызстан
Стали известны возможные соперники футзалистов КР на Чемпионате Азии

Футзал боюнча улуттук курама топ биринчи орундан Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүнө чыкты. Ал 2016-жылдын февралында Ташкентте өтөт. Турнирдин ээлери биздин команданы күчтүүлөрдүн бири деп атады. Турнирдин жыйынтыктоочу бөлүгүндө Кыргызстан Өзбекстандын, Ливандын жана Сауд Аравиясынын футзалчылары менен беттешет.

Риодогу Олимпиадага даярдык

Бүгүнкү күндө ата мекендик спортчулар 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына төрт лицензия алышты.

Кыргызстандык "Алтын бала" жоокердик самбо боюнча дүйнө чемпиону болду
Биринчи жолдомо 3-майда Чехияда өткөн квалификациялык таймашта алынган. Кыргызстандык күлүк Юлия Андреева 42 чакырым 195 метрлик марафонду 2 саат 37 мүнөттө чуркап өтүп, тогузунчу орунду алган. Бул көрсөткүч нормативге туура келгендиктен, Кыргызстанга Олимпиада оюндарына катышуу үчүн алгачкы лицензияны алып келген.

Кийинки лицензияга өлкө сентябрдын башында Лас-Вегаста (АКШ) өткөн грек-рим, эркин жана аялдар арасында күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта жетишти. 59 килограмм салмактык категория боюнча спортчу Арсен Эралиев ээлеген бешинчи орун да олимпиадага жолдомо алууга жетиштүү болду. 

Дагы бир жеңил атлет Дарья Маслова Өзбекстанда жеңил атлетика боюнча ачык чемпионатка катышып, 10 чакырым аралыкка чуркоодо 32 мүнөт 14 секунда көрсөткүчү менен экинчи орунга чыкты. Бул жетишкендиги үчүн ал да Риого лицензия алды. 

Төртүнчү жолдомо Мария Карабицкаяга тиешелүү. Ал SIM-2015 Сибирь эл аралык марафонунда 42 чакырым аралыкты 2 саат 38 мүнөт жана 35 секундада чуркап өттү. Бул көрсөткүч нормативге туура келет.

2016-жылга карай үмүттөр

Алдыда спорттун бир нече түрү боюнча лицензиялык чемпионаттар турат. Аларда ата мекендик спортчулар Олимпиадага жолдомо алууга шарт түзүлөт. Келерки жылдын дагы бир башкы жаңылыгы — Ысык-Көл облусунда көчмөндөрдүн II дүйнөлүк оюндарын өткөрүү. Биринчиси 2014-жылы Кыргызстанда болгон. 

Ата мекендик спортчулар бизди дагы бир жолу кубандырып, мамлекеттик желегибиз ири эл аралык турнирлерде кайра көтөрүлөт деген үмүттөбүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0