БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. 31-декабрдан 1-январга караган түнү борбордук "Ала-Тоо" аянтынан шаардын булуң-бурчуна коомдук унаалар кең-кесири каттай турганын мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, автобустар борбордук аянттан "Аламүдүн-1", "Туңгуч", "Асанбай" кичи райондоруна, дачаларга, 110-кварталга, "Тынчтык", "Ала-Тоо" жаңы конуштарына шаардыктарды ташыйт.
Ал эми троллейбустар "Ала-Тоо" аянтынан Булгары заводу, Киркомстрой, Чыгыш автобекети, "Жал", "Аламүдүн-1" жана "Туңгуч" кичи райондорунда жашаган тургундарды үйлөрүнө жеткирмекчи.
Мындан тышкары, микроавтобустардын да жүрүүсү каралган.
Мэрия жаңы жылдык майрамдардын маалында коомдук унаа кадимки тартипте иштей турганын белгиледи.