БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев жаңы жылдык эс алуу күндөр боюнча токтомго кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, кыргызстандыктар январдын алгачкы үч күнү жана 7-8-9-10-январь күндөрү эс алып, бирок 16-январда ишемби күнү иштешет. Ал эми, 4-5-6-январь иш күндөрү болуп саналат.
Жумасына беш күн иштеген уюмдардын кызматкерлери 16-январдагы эс алуу күнү 8-январга которулат.