Жалал-Абадда кармалган террорчулардын экөө Өзбекстандын жараны болуп чыкты

© Азиза ПусурманкуловаАтайы операция учурунда табылган ок-дарылар.
Атайы операция учурунда табылган ок-дарылар. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киши өлтүрүү боюнча шектелип жаткан жарандар бирөөнүн батиринде жашырынып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Милициянын УКМК кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн атайын операциясынын натыйжасында кармалган алты кишинин экөө Өзбекстандын жарандары экенин Ош ШИИБи билдирди.

Бишкекте жок кылынган террорчуларга таандык курал табылды
Операция бүгүн эртең менен жүрүп, аталган адамдар Жалал-Абад шаарындагы Нагима Айтматова көчөсүнүн №3 үйүнүн батиринде жашырынып отурган жеринен колго түшкөн.

Маалыматка ылайык, милицияга 2015-жылдын 22-декабрь күнү болгон киши өлтүрүүгө катыштыгы бар адамдардын жайгашкан орду тууралуу кабар түшкөн. Укук коргоо органдарынын айтымында, белгисиз адамдар Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айылынын 37 жаштагы тургуну Юнусжан Абдужалиловду атып кетишкен. 

Натыйжада Өзбекстандын эки жана Кыргызстандын төрт жараны кармалып, жашырынын олтурган батирди текшерүү учурунда курал-жарак, ок-дары жана диний адабият табылган.

Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0