00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Таберик
17:05
45 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что делать после получения наследства: советы юриста о регистрации прав
14:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жашыруун статистика: Кыргызстанда жыныстык инфекциялардын чыныгы абал кандай?
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как превратить библиотеку в место притяжения подростков - опыт Русского дома в Бишкеке
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Бишкектик студент дүйнөгө белгилүү оюнду кыргызча сүйлөттү
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Рекордные сборы и упрощение процедур - как прошел 2025 год для налоговой
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
«Тамчы» финансылык инвестициялык аймагы: алдыга кандай максаттар коюлган?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Ачык кеп
Жашыруун статистика: Кыргызстанда жыныстык инфекциялардын чыныгы абал кандай?
20:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жашыруун статистика: Кыргызстанда жыныстык инфекциялардын чыныгы абал кандай?
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ара жолдо калган "Шабдан баатыр", шагы сынган киночулар

© Sputnik / Жоомарт УраимовШабдан баатырдын айкели. Архив
Шабдан баатырдын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шабдан баатыр жөнүндө тарыхый тасма тартуу токтоп калып, 10 миллиондук сомдук эмгек текке кетчүдөй болуп турат.
Ара жолдо калган "Шабдан баатыр";, шагы сынган киночулар

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. "Шабдан баатыр" тасмасын тартуу октябрдан тарта токтоп, өкмөт убада кылган каражатты эмне үчүн бөлбөгөндүгүн алгигиче так айта элек. Бул туурасында сценарийдин автору жана режиссеру Эрнест Абдыжапаров Sputnik маалымат сайтына билдирди.

"Каражат эмнеге бөлүнбөй калгандыгын өкмөт, эч ким эч нерсе деп расмий түрдө түшүндүргөн жок. Кино тартуу токтоп калды. Муну консеравация деп коёбуз — каражат коротуп, киностудия сценарийди бекитип, иштин бир этабы бүтүп калган", — деди Абдыжапаров.

Буга чейин коомчулукта тасманын сценарийине карата бир топ сын-пикирлер айтылып, ал беш ирет оңдоодон өткөн.

"Сценарий боюнча ызы-чуу таасир берди окшойт. Кыргызстанда кино ушундай деңгээлге жетиптир десеңиз, ар бири киши кино жаратууну "билип-түшүнүп" калыптыр. Өкмөт акча берип жатат деп ар кайсы мамлекеттик структурадан кийлигишкен учурлар болду. Сценарийди кандай жазышты жогорку жактан тарта айылдагы карапайым кишилерге чейин үйрөтө баштады", — деди режиссер.

Режиссер каражатты бөлүүнүн тык токтошу кинокартинаны тартууга баш-оту менен киришкен топтун шагын сындыргандыгын, эми мындай дем менен иш уланарына күмөн санагандыгын айтты.

"Кино тартууга шымалана киришкен топтун шагы катуу сынды десем болот. Көп эмгек сарптап, эргүү менен иштеп жаткан маалда эргүүңдү да эсепке албай токтотуп салгандын жыйынтыгы кандай болот, ал дагы түшүнүксүз", — деди Абдыжапаров.

Режиссер Эрнест Абдыжапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Шабдан баатырдын" сценарийи режиссер менен тарыхчынын соттошуусуна жеткирчүдөй
Абдыжапаров учурда башка долбоорго киришкендиктен, аны бүтмөйүн, өкмөт каражат бөлсө деле "Шабдан баатырды" кайра баштабай тургандыгын кошумчалады.

Айта кетчү нерсе, кинофильмге коюучу-сүрөтчү катары дайындалган Талгат Асыранкулов мындан бир нече апта мурда каза болуп калган.

Өкмөт 2014-жылдын май айында Шабдан баатыр жөнүндө тарыхый тасма жаратуу жана ага 80 миллион сом бөлүү чечимин кабыл алган. Алгачкы, 10 млн. сом бөлүнүп, тарыхый картина тартуу милдети Эрнест Абдыжапаровго берилген. "Шабдан баатыр" Кыргызстандын кинотеатрларына прокатка келерки жылдын аягында чыгышы керек болучу. Жогоркудай абалдан кийин, эми тасманын тагдыры ара жолдо калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0