00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Шабдан баатырдын" сценарийи режиссер менен тарыхчынын соттошуусуна жеткирчүдөй

© Sputnik / Табылды КадырбековРежиссер Эрнест Абдыжапаров. Архив
Режиссер Эрнест Абдыжапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасманын сценарий жазылган вариантынан тарта буга чейин беш ирет оңдоп-түзөөдөн өтүп, учурда ал процесс дагы деле уланууда.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстандын тарыхый инсаны Шабдан Жантай уулу жөнүндө  өкмөттүн заказы менен "Кыргызфильм" тарта турган кино тасма башталбай жатып, сценарийи коомчулукта чоң талкууга түштү. 

Нааразычылык, божомол, түкшүмөл коштогон "Шабдан баатыр"
Сценарийге нааразычылык жеке адамдарга өтүп, долбоордун режиссерлугуна бекитилген Эрнест Абдыжапаров менен тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун ортосунда жаралды. Тарыхчы тасма боюнча айтылган ой-пикирлердин артынан улам, жеке беделине шек келтирди деп режиссерду сотко берүү ниетин Sputnik маалымат агенттигине айтты. Ал эми режиссер Абдыжапаров, эгер аны сотко берсе, тарыхчынын өзүн эки доого жыгарын билдирди. 

Молдокасымов анын дарегине айтылган күнөөлөр негизсиз деген пикирде. 

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов

"Чыгармачылык сындашуу жеке беделге өтүп доо кетире баштаганда аны сот адилеттиги гана токтотооруна ишеним артам. Абдыжапаровдун биринчиден, буга чейин Шабданды чыккынчы деп жазып келген, эми эле аны коргоп чыгып калды дегени. Экинчиден, көркөм тасмага илимий консультант болбой калганы үчүн сындаганга өттү деп мени курулай каралоого аракет кылганы", — деди тарыхчы Молдокасымов. 

Ал эми бул боюнча режиссер Абдыжапаров жооп кайтарып, өзүнүн пикирин Sputnik маалымат агенттигине мындай деп билдирди.

Долбоордун режиссери болуп бекитилген Эрнест Абдыжапаров

"Мени сотко берем дегенинен улам жооп берүүгө туура келди. Мунун баарына жаз айларынан бери чыдап келе жатам. "Менин беделиме доо кетирди, сотко берем" дегени, менин ага болгон доомдун жанында шоона эшпей калат!" — деди режиссер Абдыжапаров.

Коомчулуктун алдына кер-мур айтышып калган бул эки адамдын ар кимиси азырынча өз пикиринен кайтпай, бири дагы деле кечирим суроону талап кылса, экинчиси аны кайра сотко келүүгө аргасыз кыларын айтууда. 

"Бул аптада күтөм. Эгерде кежеңдеп, жөн сөздү түшүнбөсө, эки жери үчүн жаңылыптырмын деп жигитче мойнуна албай турган болсо адвокатыма айтып, сотту ишке өткөртөм. Ал сотко барганда деле эч нерсе далилдей албайт. Катасын мойнуна алып кечирим сурап койсо болду", — деди Молдокасымов.

Ал эми Абдыжапаров ийилбей да, бүгүлбөй да тургандыгын билдирди. 

"Шабдан боюнча айткандарын таппай калсам да, анын алдында эч качан кечирим сурабайм! Эгерде Молдокасымов сотко кайрылса, мен анын өзүн жети пункт менен сотко берем. Буга кошумча, киностудиянын атынан автордук укукту бузуп, киносценарийди жарыялаганы үчүн доо коюлат. Чыккынчы деп айтты деген кепке эч качан кечирим сурабайм, күнөөм болсо тартам. Бирок Молдокасымов менин, сценарийдин жана Шабдан атанын арбагынын алдында кылган күнөөсү үчүн жазаланышына бардык аракетимди көрөм", — деди режиссер. 

Ошентип, эки тарап өз чындыгына ишенип турат. Айтмакчы, буга чейин бир катар коомдук активисттер сценарийдин жазылышына нааразы болуп, аны өзгөртүш керектигин айтып, учурда алтынчы вариантты талкуулап жатышат.

Ал эми Шабдан Жантай уулунун небереси, окумуштуу Жаңыл Абдылбек кызы мындай ызы-чууну долбоорду жаап, тасманы каржылоону токтотууга жасалган аракет катары баалаган жайы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0