00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что получил Кыргызстан от январского заседания Совета ЕЭК
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Калкты таза суу менен камсыз кылуу: азыркы абал жана аны чечүү жолдору
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
От первых миссий ООН до безъядерной зоны: старт кыргызской дипломатии
12:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Улуу Ата Мекендик согушка арналган сүрөт көргөзмө — жаш муунга кандай сабак берет?
13:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ИИМ: диний экстремисттердин 80%ы "Таблиги жамааттан" чыккан

Жазылуу
ИИМ "Таблиги жамааттын" Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүндө тыюу салынганын, бирок, алар Кыргызстанда каттоодон өтпөстөн активдүү иш жүргүзүп жаткандыгын билдирди. Ошол үчүн ал "жамааттын" ишмердүүлүгүн катуу көзөмөлгө алууну керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Ички иштер министрлиги "Таблиги жамаат" кыймылы боюнча маалымат таратып, анын түз же кыйыр түрдө экстремисттик, террористтик уюмдарга азгыргандар катары жүргөндүгү тынчсыздануу жаратып жаткандыгын айтты. 

Аталган ведомстводон акыркы учурда өлкөдө даватчылардын саны көбөйгөндүгүн маалымадап, алардын бирикмеси кооптуулукту алып жүрүшү мүмкүн деген ойду билдиришти.

"Таблиги жамааттын" ишмердүүлүгүнө Тажикстанда, Казакстанда, Өзбекстанда, Россияда, АКШда, Индияда жана Иранда тыюу салынган.

"Бизде "Таблиги жамаатка" тыюу салынган эмес, алардын катары улам көбөйүп барат, анан калса алар жашыруун жүрүп, каржы булактарын көрсөтпөйт. Баары ачык болушу керек. Адам бир нече айга даватка кетип жатканда, кайсы акчага кетти деген суроо жаралат. Тыюу салынган "Жайшуль Махдинин" мүчөлөрү болуп чыгып, жакында эле оор кылмыш кылып кармалгандар да алгач, даватчылардан болушкан. Учурда жарандар үйлөрдүн эшигин каккылап жүргөндөр даватчынын кейпин жамынган террорист же экстремист экендигин кантип айырмалап биле алабыз деген суроолорду берүүдө", — деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта. 

Мечиттеги адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муфтият дааватчыларды коргоп чыкты
ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Раим Салимов даватка аттангандар бүлөсүн, ал тургай кичинекей балдарынын тагдырын чоочундарга таштап кетип жаткандыгын айткан. Буга ал атасы даватка кетип, зомбулукка учурап, эс-учун жоготуп ооруканага түшкөн Аламүдүн районундагы эки жашар баланын окуясын келтирген. 

Салимов эч ким кепилдик бере албагандыктан, жарандарды даватка чакырып, каккылап келгендерге эшикти ачпоону кеңеш кылды. Ал "Таблиги жамааттын" ишмердүүлүгүн катуу көзөмөлгө алууну керек деп эсептээрин билдирген.

ИИМ Россиянын Жогорку Сотунун "Таблиги жамаат" улуттар жана диндер арасында ажырымды жаратып, аймактык бүтүндүүлүккө кооптуулук келтирет деп бүтүм чыгаргандыгын эскертти.

ИИМ өкүлү аталган кыймылдын мүчөлөрү исламдын өзгөртүлгөн версиясын элге таратып жүргөндүгүн айтат.

"Эксперттердин пикиринде диний экстремисттердин 80 пайызга жакыны "Таблиги жамааттан" чыккан. Учурда аталган кыймылдын түз же кыйыр түрдө болсо да экстремисттик жана террористтик уюмдарга азгыргандар катары жүргөндүгү түйшөлтүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Салимов "Таблиги жамаатына" бир ирет кирип алган киши жашоосун уюмдун колуна кармата берип, баш оту менен миссионерге айланарын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0