БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Шаар тургундары калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузууну улантып жатканын Бишкек мэриясы билдирди.
Шаардын санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Октябрь районунун тургуну курулуш материалдарын белгиленбеген жерге таштаганы аныкталган.
Экологиялык инспекция үй ээсине таштандыны чыгарууну жана аны белгиленбеген жерге таштабоону эскертти.