Бишкектин чыгыш бөлүгүндө үч күнгө газ өчүрүлөт

Жазылуу
Газ түтүгүн ремонттоо иштери 7-9-декабрь күндөрү болот.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Борбор калаанын чыгыш бөлүгүнө үч күн бою жаратылыш газы берилбей турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Газды өчүрүү орто басымдагы түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу экени айтылууда. Ремонт 7-9-декабрь күндөрү жасалат.

Газ Жеңиш проспектиси, Көлбаев, Калинин көчөлөрү жана Чоң Чүй каналы менен чектешкен аймакта болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0