БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жайыл районунда кооперативдик гараждардын чатырынан европа улутундагы адамдын жансыз денеси табылганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, чатырлар Фрунзе көчөсүндө жайгашкан. Министрлик табылган адамдын болжол менен 25-30 жашта экенин айтууда.
Учурда жарандын аты-жөнүн жана өлүмүнүн себептерин тактоо иштери жүрүп жатат.