БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Азия футбол конфедерациясы футзал боюнча Азия чемпионатында ойнолуучу топту аныктаганын Футбол федерациясы билдирди.
Континенталдык биринчилик 2016-жылдын 10-21-февраль күндөрү Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өтөт. Ал эми чүчү кулак 2-декабрь күнү кармалат.
АФК Nike Rolinho Premier моделиндеги топту тандап алганы маалым болду. Мындай топ былтыр Иранда өткөн таймашта да пайдаланылган.