БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги менен байланыш рыногунун лидери Beeline өлкөнүн журналисттери менен блогерлерин "Кесипкөй журналистиканын мектебинин" алкагындагы тренингге чакырат.
Журналисттерге "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин аткаруучу директору Олег Ананьев, окуу борборунун жетекчиси Олег Щедров жана агенттиктин бөлүм жетекчиси Денис Железняков лекция окушат.
Окууга катышуу үчүн bsatarova@beeline.kg дарегине "тренинг" деген белги менен 25-ноябрь саат 17.00гө чейин кат жолдоо зарыл. Анда катышуучунун аты-жөнү толугу менен, басылма (блог, аккаунт), жана байланыш жолдору болушу шарт. Кирүү акысыз. Иш-чаранын так убактысы жана орду бардык катталгандарга электрондук дарек аркылуу маалымдалат.