00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
7 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:08
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Politico: Обама Олландды Путинге тукурганга аракет кылат

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүАмерикалык президент Барак Обама. Архив
Америкалык президент Барак Обама. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америка президентинин администрациясы Европанын бардык башкы лидерлери январдына аягында мөөнөтү бүтө турган Москвага каршы санкцияны кеңейтүүгө даяр болсо экен деп тынчы кетип жатат.

БИШКЕК, 24-ноя. – Sputnik. Американын президенти Барак Обама француз кесиптеши Франсуа Олланд менен шейшембиде жолукканда терроризмге каршы бирге күрөшүү маселеси гана талкууланбайт. Обама Россияга карата Олланд саясатын жумшартпашы үчүн болгон аракетин жасайт деп жазат Politico басылмасы.

Путин менен Обама G20 саммитинде маңдай-тескей отуруп баарлашты
АКШ президенттик администрациясы Европанын бардык башкы лидерлери январдына аягында мөөнөтү бүтө турган Москвага каршы санкцияны кеңейтүүгө даяр болсо экен деп тынчы кетип жатат. Алардын корккону, Путин менен Олланддын Сириядагы кызматташуусу Украина каатычылыгына карата Франциянын мамилесин өзгөртүп жибериши мүмкүн. "Биз Европада санкциялар мөөнөтүнөн эрте алынып калабы деп дайыма коркчубуз", — деген Пентагондун жогорку даражалуу кызматчысы Эвелин Фаркаштын сөзүн келтирет басылма. 

"Украина маселеси менен Сириядагы абалдын ортосунда эч байланышты көргүбүз келбейт", — деди улуттук коопсуздук боюнча кеңешчинин орун басары Бен Родс. Бирок Обаманын атка минерлери Олланддын оюнда эмне бар экенин билишпейт. Москвага каршы санкциядан кийин ишкерлери чыгашага учурап жаткан француз лидери акыркы жумаларда чектөөлөрдү алып салуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө ишеничтүү маанайда айтып калды деп жазылат макалада. 

Politico 13-ноябрда Парижде болгон терактыларга байланыштуу Москва менен кызматташууну кеңейтиши да Вашингтон үчүн түшүнүксүз болду болгондугун маалымдайт. 

"Айрыкча, Обама Париждеги окуялар АКШнын Сириядагы стратегиясын кайра кароого негиз болбойт деп билдиргенден кийин француздарды Россия менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканы үчүн доомат коюуга болбойт деп ойлойм. Орустар жөнүндө эмне ойлобогула, баары бир алар терроризмге каршы күрөштө алгылыктуу иш жасай ала турган жана жасагысы келген жалгыз эл", — деди Франциянын Тышкы иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Симон де Гальбер. Олланд да ушул ойду кыйытууда. Терактылардан кийин Парижде сүйлөгөн сөзүндө ал Сириянын радикалду утопторуна каршы күрөштө "бирдиктүү ири коалиция" түзүүгө чакырган. 

"Дал ушундай максат менен күч-аракеттерди кошуп, көптөн бери улам кийинкиге жылдырылып келе жаткан натыйжаларга жетиш үчүн, мен жакынкы күндөрү Обамага жана Путинге жолугам", — деген ал.

Басылманын бул макаласы көптөр үчүн жаңы талкууга жем таштады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0