Адам баласына энчиленген ысым болочок жашоосуна жөн гана таасир кылбастан, бүтүндөй тагдыр нугун аныктайт деген ишенич бар. Ошондуктан ымыркайга ат берүү кыргызда эле эмес, деги эле адамзаты үчүн олуттуу иш. Аттын маани-маңызы эле терең болбостон, уккулуктуу, эстетикалык жактан да аксабаса дешет.
Кызыгы ушул жерде…
Пендебиз да! Ушул айтылган бардык көркөм сөздөргө карабай, ымыркайга ат коёрго келгенде, саясий бир окуя же илимий ачылыштар кээде оюңдан чыкпай туруп алат окшобойбу. Жогорудагы мисал мындайлардын бир гана чети…
Топтошо калган биринчи курстун студенттери өз ара таанышып жатышты. Биринин атын кайра сурашса, экинчисине "билебиз" дегендей баш ийкеп коюшат:
— Света.
— Райым.
— Кандай?
— Рай-и-м…
— Сенинчи?
— Косюга
— А-а-а…, атыңчы?
— Ошо, атым Косюга.
— Чын атың ким?
— Косюга, Катя десеңер болот…
Көрсө, ал кыз ("байкуш" деген сөз тилимдин учунда) 1961-жылы 12-апрелде туулган экен. Ата-энеси көп ойлонбой эле наристени Косюга (КОСмонавт Юрий ГАгарин) атап коюшуптур…
Оболу ата-эне балага багы ачылсын, жолу шыдыр болсун, жакшылык көрсүн, эл алды болсун, өмүрү куунак өтсүн, карып болбосун деген үмүт-тилек менен ат берет. Ошондуктан бизде жыргал, шайыр, атыр, гүл, бек, майрам, нур, баатыр, кутман, сыймык, тилек, үмүт, акыл, ырыс, бакыт, таалай, эсен, аман, өмүр ж.б. уңгулуу аттар өз маанисин эч жоготпой келет.
Элдин керегине жараган адам болсун, элде жакшылык үзүлбөсүн деген тилек менен дос, эл, тынчтык, жакшылык ж.б. деген уңгулуу аттарды да беришет. Кыз бала сулуу болсун, жүзү жарык жылдыздуу болсун деп чүрөк, ай, асел ж.б. уңгулуу ат ыйгарышат.
Бирок…
Бирок азыр Жамангулова, Сасыков, Чокоев (Чикаев деген кишини "жакшы санаалашы": "Чокоюп эле болчу, Чикаев деп паспортун оңдотуп алган" дегенин укканбыз), Бокмурунович аттуулар кездеше калат го. Буларды эстетикалык же маанилик жагынан терең деп айтуу өтө кыйын. Анан ал аттар кайдан чыккан?
Анан калса, мурунку эстетикалык түшүнүк азыркыдан айырмаланып келген. Бала туулган жуманын күнүн, толгоо тартып жаткандагы табияттын абалын, аба ырайын же жасалып жаткан маанилүү ишти деле ат кылып койгон учурлар да болгон. Жамгырбек, Кийизбек, Отунгүл, Жайлообек ошондон калса керек.
Мунун баары жалпыга белгилүү көрүнүш. Алардын арасында кыргызда айтылып жүргөн "аты оор" деген түшүнүк да бар. Бирок бул өзүнчө сөз кылууга татыктуу …
Өз атым…
Илимий ишимди жазып жатып, өзүм үчүн күтүүсүз ачылыш жасадым. Атым Тынаркүл, түгөйүм Тынарбек. Экөөбүзгө уйкаштырып ысым берип коюшканы түшүнүктүү дечи.
Бирок жогорку окуу жайын бүтүрүп, аспирантурада окуганга чейин өз атымдын маанисине көңүл бөлбөптүрмүн. Айнура, Гуля дегенге караганда азыраак кездешет деп өз атыма корстон болуп койгонум бир эсимде.
"Манасты" окуп изилдөө ишиме материал тандап отуруп, тынар деген сөздү бир нече жолу жолуктурдум. Контекстке ылайык, ал оң маанидеги эпитет. Илимий ишиме тиешеси болбосо да, сөздүктөрдөн, ар кайсы китептерден тынардын маанисин издедим.
Күтүүсүз болушу мүмкүн…
Кыргызда эл деген мүчөсү бар аттар көп эмеспи: Элдана, Элмира, Элмирбек, Элнура, Байэл, Нурэл, Элдияр, Элвира ж.б. Булардын көбүн эл, калк деген түшүнүк менен айкын байланыштыра алабыз. Байэл, Нурэл деген эркек баланын аттары элге болгон жакшылык тилек менен коюлат.
Элмира – эл деген кыргыз сөзү менен орусча мир (тынчтык) деген сөздөн куралган. Буга үндөш совет доорундагы Замир, Мирбек, Миргүл деген аттар бар.
Бирок уңгулук окшоштугуна карабай, Эл(ь)вира деген аттын кыргыз тили менен эч байланышы жок. Ал байыркы герман тилиндеги Алавир (Альвир) деген аттан келип чыгып, "чынчыл, чыныгы, ак ниет" дегенди билдирет. Айрым булактарда бул ат испан тилинен алынган жана "ак" деген мааниде деп айтылат.
Бул ат түрк элдеринде, Латын Америкада, Европада тараган. Тарыхта X-XII кылымдарда испан падышачылыгында турган Эльвира Рамирес аттуу Леондун канышасы, Эльвира Кастильская, Сицилиянын канышасы, белгилүү.
Кыргызда азыр белгилүү адамдардан билим жана илим министринин ысмы Элвира.
Кыргыз ысымдарына байланышкан бардык маалымат, ой-жөрөлгө, ишеним, ырым-жырымдын баарын бир макалага сыйышы кыйын экен.
Ислам дининен, славян тилинен келген, "Манас" эпосуна байланышкан жана, негизгиси, унутта калды деп айтууга боло турган нукура кыргыз аттары өз алдынча макалага татыктуу деп ойлойм. Айрым аттардын чечмеленишин кийинки макалаларда беребиз.