Кыргыз элинин да башкалардай эле адам жаралгандан баштап, бул дүйнөдөн узап кеткенине чейин аны коштоп жүрчү жана элдин улуттук өзгөчөлүктөрүнө, ишенимдерине, менталитетине, турмуш шартына жараша салттары, ырым-жырымдары бар. Бул сапар Sputnik бөбөктүн жарык дүйнөгө келген күндөн эрезеге жетип, жигит болоруна чейинки жөрөлгөлөргө токтолот.
Бизге бул жаатта тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Абдымиталип Мурзакметов көмөк көрсөттү.
2. Оозантуу. Төрөлгөн баланы сары май менен оозантып, бөбөккө жакшы келечек каалашат. Адатта бул жөрөлгөнү байбичелер, ымыркайдын чоң энеси, таянеси жасайт. Бул ырым менен "баланын өмүрү майлуу-сүттүү болсун", "жегени дайым май болсун", "дайым май чайнасын", "малдуу-жандуу болсун", "кем болбосун", "жокчулук, карчылык тартпасын" деген тилектерин билдиришкен. Энеси менен ээрчип келген кичине баланын оозуна кайсы эле үйдөн болбосун, үй ээси май салган, бул ырым чоңойгондо жалганчы болуп калбасын деген тилек менен жасалчу. Азыр үйүнө биринчи жолу келген кичине балага ырым кылып акча-тыйын же кийим кече берип коюшат. Мунун дагы бир мааниси наристеге көз тийбесин, акысын бердим дегенди билдирет.
3. Ат коюу. Бөбөк жарык дүйнөгө келери менен ага ат коюлат. Бул азан чакыруу менен коштолот. Кыргызда ат коюу боюнча ар кандай ырымдар бар. Маселен, ымыркайдын аты өтө оор болбошу керек, антпесе, аны көтөрө албайт деп айтылат. Мисалы, Манас ысымы. Андан сырткары, үй-бүлөдө жалаң эркек же кыздар төрөлө берсе, Бурул, Жаңыл, Кайрылса, Токтобүбү деген аттарды коёт. Токтосун, Токтогон, Токтогул ысымдары жөн жерден берилбейт. Аны көптөн бери бала токтобой, эненин боюнан түшүп же төрөлгөндөн кийин чарчап кала берген бүлөдө төрөлгөн ымыркайга беришет.
5. Баланын кыркын чыгаруу. Бала төрөлгөндөн кийинки кырк күн наристенин өмүрү үчүн өзгөчө кооптуу деп саналып, бул мезгил аралыгында балага өзгөчө аяр мамиле кылып, андан кийин ымыркайдын кыркын чыгарууга айрыкча маани берилген. Кыргыздарда ал күнү кырк токоч жасап, коңшу-колоңдорго чай берилген. Байбичелер жакшы тилектерин айтып, дагырага (чылапчынга) кырк кашык суу куюп, баланы ошол сууга киринтишкен.
Баласынын кыркын чыгарганга чейин аял колун муздак сууга салбай, таштан, темирден жасалган муздак буюмдарга колун тийгизген эмес. Бул жаңы төрөлгөн бала ташбоор, мээримсиз болуп калбасын деген ырым болчу. Баланын атын кыркы чыкканга чейин айтпай, ар кандай эркелеткен аты же жаныбарлардын балдарынын аты (күчүк, козу ж.б.) менен чакырган.
6. Баланын чачын алдыруу. Ымыркай жарык дүйнөгө келгенден бир нече күндөн кийин чачтарын, тырмактарын алуу ырымы болот. Өскөн чачы менен тырмагы бала эненин курсагынан чыккандан кийин да жашоосу кадыресе уланып жаткандыгынын белгиси деп бааланат. Бөбөктүн кыркын чыгарган күнү анын карын чачын да алышкан. Ымыркайга кирген кирине карын чач алынмайынча чыкпайт деп айтышат. Баланын чачы адамдын буту баспай турган, жашыруун жайга катылган.
Жаш баланын биринчи чачын кадыр-барктуу, сыпайы мүнөздүү адамдардын бирине атап койдук деп, ошол адамдын өзүнө барып да алдырышкан. Шарт боюнча эркек адамдын чачын аялга алдыртпайт, эркек кайратсыз болуп калат деген ишеним бар. Эгер бөбөк чоңойгончо чачы чыкпаса, анын баш кийимин эшекке жыттатып ырымдашкан.
8. Бешик той. Абалтадан кыргыздар баланы бешикке бөлөп келген. Учурда деле көп үй-бүлөлөр, өзгөчө айыл жеринде баланы бир-эки жашка чейин бешикке бөлөп чоңойтушат. Ал эми бешикке салуу – бөбөккө бата сурап, айыл-апаны, илик-чатышты, тууган-урукту чакырып берген чоң той менен коштолот. Эл тойдун аягында балага бата берип, кең келечек каалашат. Азыр шаарда же район борборлорунда бешик тойду ири кафелерде, ресторандарда өткөрүү кеңири жайылган.
9. Тушоо кесүү. Бала там-туң басып калганда жасала турган ырым. Ал бешик тойго караганда чаканыраак болот. Баланын эки бутун эшилген ала жип менен арчындап, тушайт. Бөбөктү эки колунан ата-энеси же өзүнөн улуулар кармап турат. Ал эми андан 20-30 метрдей аралыкта чогулуп алып жарышып чуркап келген тестиер балдардын алдыга чыкканы бөбөктүн бутун тушаган ала жипти алдын ала даярдап туруп колуна карматкан бычак менен кесиши керек. Бул жеңиши үчүн ага баш байге менен кошо ошол бычак белекке тиет. Ал эми калгандарга атайын даярдалган байгелер тапшырылат.
Тушоосу кесилген баланы дароо ары-бери жетелеп бастырып, тегеректегилер жакшы тилектерин айтат. Андан соң атайын чачыла чачылып, аны ошол жерде чогулган эл улуу-кичүү дебей, талаша терип кетиши керек. Баланын бутун тушаган жипти кесүү мындан ары жолу ачык болсун, кадамы так шилтенип, турмушунда мүдүрүлдөсүн деген символикалык маанидеги ырым.
Мүчөл той. Эркек бала 12 жашка чыгып 13кө караганда, бир мүчөл болду деп эл чакырып, той берилет. Аны кадимкидей эле "Чоң той" деп аташат жана ал бешик тойдон кем болбойт. Элден бата алып, жигитчиликке баш койгон баланын башына кызыл жоолук байлашат. Бул уул баланын чоң турмушка аттангандыгынын символу катары саналат.
Ата-эненин кийинки милдети кыз же уул эрезеге жеткенден кийин, үйлөнтүп же күйөөгө узатуу. Анда да өзүнчө салт-жөрөлгөлөр жасалат. Бул туурасында кийинки макалаларыбызда токтолмокчубуз.