"Актердон" жасалган шорпо, сууга аккан акчалар жана аял сулуулугуна кайдыгер карабаган табият

© Александр ФедоровГеннадий Базаров кино тартуу маалында. Архив
Геннадий Базаров кино тартуу маалында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Геннадий Базаровдун атасы уулун кинодон көрөт. Аксакал ачууланып, Кочкордон чалып "Мас болуп, соолуктуруучу жайга түшүп… ак сакалымды шерменде кылдың" деп тилдеген учуру болуптур.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Быйыл Кыргыз кино өнөрүнө 74 жыл толот. Бул сапар окурмандарга шедеврге айланган кыргыз кинотасмаларынын тартылышы, актерлордун ролуна искусстводон алыс болгон туугандарынын реакциясы туурасында айтып бермекчибиз. 

Киночулар менен бирге жүрүп, алардын ар бирине жакын туугандай болуп калган сүрөтчү Александр Федоров элге кеңири белгилүү кино тасмалар кантип тартылганын эскерди. 

Атасынан тил уккан Геннадий Базаров жана соолуктуруучу жай 

Төлөмүш Океевдин "Улан" аттуу тасмасында башкы каарман соолуктуруучу жайга түшүп калган жери бар. 

© Александр ФедоровЗакулисье киносъемок: Базаров в вытрезвителе, съеденный кабан и эротика
Закулисье киносъемок: Базаров в вытрезвителе, съеденный кабан и эротика - Sputnik Кыргызстан
Закулисье киносъемок: Базаров в вытрезвителе, съеденный кабан и эротика

Сүймөнкул Чокморовго өнөктөш болуп ойногонго режиссер Геннадий Базаровду макул кылып, ал мас интеллигенттин ролун оңой эле аткарып бериптир.

Бирок тасма экранга чыккандан кийин азыркы атактуу Базаровдун атасы муну ушунча катуу кабыл аларын эч ким күткөн эмес. Ал Кочкордон чалып алып, баласын: "Соолуктургучка түшкөнчө кантип мас болдуң? Менин ак сакалымды шерменде кылып", — деп урушкан экен. 

"Оолугуп алган атасы баласына да, Сүймөнкул Чокморовдун бул жөн эле көркөм тасма деген сөздөрүнө да эч ишенбей койбоспу", — дейт Федоров. 

Берки эки каарман Төлөмүш Океевди жардамга чакырып, Базаровдун атасы эптеп болсо да, режиссердун сөзүнө ынанган экен. 

Кечиккен рахмат, же кинотобу үчүн Тоок

Федоровдун айтымында, киночулардын арасында тасманы коё турган режиссердон тышкары, көпчүлүк үчүн анча түшүнүксүз адис — экинчи режиссер деген бар. 

"Ал аскер штабынын башчысы сыяктуу. Топтун керектүү жерге чыгып барышына, актерлордун келишине, аянтчадагы тартипке, кадрдагы экинчи планга, актерлор текстти жатташына, ал тургай, кадрга түшө турган баланын мурду убагында арчылышына да жооп бере турган киши ошол", — дейт фотограф. 

"Кыргыз фильмде" кырк жылдай иштеген ушундай "жөн эле бир" режиссер Төлөгөн Сыдыков өзүнүн кинодогу алгачкы кадамдары жөнүндө Федоровго айтып берген экен.

"Окуя Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев районунда болгон. Бир күнү тамак-аш түгөнүп калып, Сыдыковду айылга жиберип, жок дегенде тоок таап кел дешет", — деп эскерет Федоров.

Сыдыков айылга барып бир байбичеге жолугуп, абалды түшүндүрөт. Тиги апа аны үйүнө чакырып, курсагын тойгузган соң: "Кыргыздар да тоок сатмак беле?" деп, балдарына тоок карматып берип, бир чака жумуртка, бир банка каймак салып берип жөнөтүп жатып, идишти кайра кайтарып берүүсүн сурайт. 

Бир 15 жылдан кийин Төлөгөн Сыдыков ошол айылга башка бир топ менен дагы барып калып, баягы апага ыраазылык билдирип коюуну чечет. Карып калган байбичени таап, болгон окуяны эсине салат. Кемпир болсо: "Э-э, балам, мурда үйгө киши кирсе, кой союп берчү эле, эми бардык суроого бир эле жооп – акча, акча…" деген экен. 

Арыкта калган "машина", же талаага кеткен акча

"Бөрү зындан" тасмасын тартып жатканда бир машина сатып алганга жеткидей кадимкидей эле акчаны сууга агызууга туура келген дейт фотограф.

"Сценарий боюнча бандиттердин бири жоон топ акчаны агын сууга ыргытат. Бирок 1984-жылы түстүү ксерокс жок болгондуктан, тасма ынанымдуу болушу үчүн бир тутам 50 рублдик акчаны колдонууну чечип, аны банктан милиция менен эки автоматчынын коштоосунда алып келишти", — деп эскерет Федоров.

© Александр ФедоровЗакулисье киносъемок: Базаров в вытрезвителе, съеденный кабан и эротика
Закулисье киносъемок: Базаров в вытрезвителе, съеденный кабан и эротика - Sputnik Кыргызстан
Закулисье киносъемок: Базаров в вытрезвителе, съеденный кабан и эротика

Ар бир дублдан кийин акчаны суудан кармап алып, күнгө кургатып, кайра тартып жатышты. Кино тартканга катышкандарын баары, албетте, акчаны тутамдап улам сууга ыргытып жаткан актерго аябай "көз артышкан".

"Актер" шорпого кантип түшүп калды 

"Жалаң эр азаматтар" тасмасында жапайы жаныбардын КрАЗ менен жолуккан жери бар. Сценарий боюнча кууш капчыгайда каман машинага кабылып, айдоочу аны тамаша чалып, кыжырына тие баштайт. Ачуусу келген жаныбар чоң машинага кол салат. 

© Александр ФедоровЗакулисье киносъемок: Базаров в вытрезвителе, съеденный кабан и эротика
Закулисье киносъемок: Базаров в вытрезвителе, съеденный кабан и эротика - Sputnik Кыргызстан
Закулисье киносъемок: Базаров в вытрезвителе, съеденный кабан и эротика

"Коруктан барып каман алып келишип, ал качып кетпесин деп капчыгайды тор менен тосуп коюп тарта баштадык. Алгач каман-актер коркконунан жарга чыга качып, бирок бир аздан кийин кызууланып кетип, машинаны дөңгөлөгүн тиштегенге да аракет кыла баштады", — дейт Федоров.

Баары жакшы тартылды, бирок эми каманды эмне кылыш керек? Чындап кызууланып алган жапайы немени эл жүрчү капчыгайга коё бергенге болбойт. Токойчу менен кеңешип, баягыны союп, жакшы тамак бекер текке кетеби деп бышырып жеп салдык дейт фотограф.

Бир банка "сүт" жана Эверест

Фильмдин кайсы бир жаш директору өзүнүн алгачкы киноэкспедициясына тажрыйбалуу оператор Сергей Чадин менен чыгат. Кечинде адат болуп калгандай келгендерин жакшылап белгилешет. 

"Эртең менен эрте баягы директор операторду ойгото баштайт. Чадин болсо башын араң көтөрүп "сүт" деген бир гана сөздү айтканга алы келиптир…", — деп эскерет Федоров.

© Александр ФедоровЗакулисье киносъемок: Базаров в вытрезвителе, съеденный кабан и эротика
Закулисье киносъемок: Базаров в вытрезвителе, съеденный кабан и эротика - Sputnik Кыргызстан
Закулисье киносъемок: Базаров в вытрезвителе, съеденный кабан и эротика

Директор айылды түтүнмө-түтүн кыдырып жүрүп, эптеп бир банка сүт таап келип, тасма тартчу күндү сактап калдым деген чыныгы үмүт менен операторду кайра ойгото баштайт. 

Араңдан зорго өйдө болгон Сергей терезени көрсөтүп, "сүт" деген операторлордун тилинде булут капталган асманды билдире турганын, мындай күн бүркөктө эч нерсе тартканга болбостугун түшүндүрөт. 

Федоровдун көз карашында, Чадин — өзүнчө бир кайталангыс оператор. Ал Кыргызстандын бардык ири чокуларында болуп кайткан жана, ал тургай, өзүнүн камерасы менен альпинист Мамасалы Сабировду Эверестке коштоп барган.

Жылаңач адамга табигат да кайдыгер эмес

Режиссер Мелис Убукеевдин "Манас ааламы" тасмасынын сценарийинде атка минген энеден туума жылаңач жети сулуу Ысык-Көлдөн чыга келген жери бар. 

© Фото / Александр ФедоровЗакулисье киносъемок: Базаров в вытрезвителе, съеденный кабан и эротика
Закулисье киносъемок: Базаров в вытрезвителе, съеденный кабан и эротика - Sputnik Кыргызстан
Закулисье киносъемок: Базаров в вытрезвителе, съеденный кабан и эротика

Бишкекте атайын жети кызды тандап барышып, эми тарталы деп жатканда аба ырайы бузулуп, бир нече күн бою нөшөрлөп жамгыр жаайт. Бөлүнгөн убакыт өтүп бараткандыктан, режиссер эмнеси болсо да тартууну чечти дейт сүрөтчү. Жылкы заводунан аттарды айдап келип, кыздарды чечиндирип, тасманы тарта башташат.

Кыздар сууга кирер замат, шамал башталып, булуттарды айдап, күн нуру төгүлө түшөт – табият кубулуп, ар бир режиссер тилей турган укмуштуудай кооз пейзаж жаратып берген эле дейсиң.

Жаңылыктар түрмөгү
0