БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Жер тилкесин сатып берем 26 жаштагы жарандын 250 миң сомун алдап алып кеткен Чүй районунун тургуну кармалганын Чүй облустук ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, соодагер жерди Военно-Антоновка айылынан сатып бермекчи болгон. Акчаны алгандан кийин эки ай бою дайын-дарексиз кеткендиктен, жер тилкесин сатып ала турган жаран милицияга арыз менен кайрылган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектелип 34 жаштагы Чүй районунун тургуну кармалды. Ага карата "Алдамчылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.