БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Жума аягында, 13-14-ноябрда аба ырайы кескин өзгөрүп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызгидрометке шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаайт. Ашуулардагы автожолдордо кар күрткүсү пайда болуп, жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.
Мындай аба ырайы айыл-чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.