БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Бүгүн өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматы уюшулганына алты жыл болду.
Кызматтын берген маалыматына ылайык, буга карата Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң залында салтанаттуу иш-чара өтөт.
Ага президент, өкмөт аппараттарынын өкүлдөрү, министрлер жана эл аралык уюмдардын катышуусу күтүлүүдө. Иш-чарада ири программадагы концерт тартууланып, мекеменин кызматкерин сыйлоо аземи өтөт.