Атамбаев премьер-министрликке Сариевди дайындады

Жазылуу
Бүгүн Жогорку Кеңеш премьер-министр менен өкмөттүн жаңы курамын 118 добуш менен бекитти.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министрликке Темир Сариевдин дайындалышы боюнча буйрукка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңеш премьер-министр менен өкмөттүн жаңы курамын 118 добуш менен бекитти

Бул сапар өкмөттүн курамы көп өзгөрүүгө учурабагандыгын төмөндө көрүүгө болот. 

  • Биринчи вице-премьер — Аалы Карашев
  • Вице-премьер — Олег Панкратов
  • Вице-премьер — Гүлмира Кудайбердиева
  • Экономика жана өнөр жай министрлиги — Арзыбек Кожошев
  • Ички иштер министрлиги – Мелис Турганбаев 
  • Юстиция министерлиги– Жылдыз Мамбеталиева 
  • Каржы министрлиги – Адылбек Касымалиев
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги – Кубатбек Боронов 
  • Социалдык өнүктүрүү министрлиги – Кудайберген Базарбаев, 
  • Билим берүү жана илим министрлиги — Элвира Сариева 
  • Маданият, маалымат жана туризм министрлиги — Алтынбек Максутов
  • Саламаттык сактоо министрлиги – Талантбек Батыралиев
  • Транспорт жана байланыш министрлиги – Аргынбек Малабаев
  • Айыл чарба жана мелиорация министрлиги – Турдуназир Бекбоев
  • Тышкы иштер министрлиги — Эрлан Абыдлдаев
  • УКМК — Абдил Сегизбаев.
  • Коргонуу боюнча мамлекеттик комитет — Марат Кенжесариев. 

Жаңылыктар түрмөгү
0