БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын Осмонкул көчөсүндө жайгашкан төрт кабаттуу турак үй уруксатсыз курулганын Свердлов райондук прокуратура аныктап чыккан.
Маалыматка ылайык, аталган факт Экология жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясын текшерүү учурунда ачыкталган. Аталган инспекциянын кызматкерлери мыйзамсыз курулушка жол берип, аны токтотуп калган эмес.
Бул боюнча мекеменин тийиштүү кызматкерлерине карата "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.