БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин спикерлигине 114 добуш менен шайланды. Депутаттардын төртөө Жээнбековдун төрагалыгына каршы добуш берген.
Бүгүн парламент төраганы, вице-спикерлерди, комитет төрагаларын шайлап, премьер-министр менен өкмөттүн курамын бекитиши керек, мындан тышкары, өкмөттүн структурасы жана программасын кароо күтүлүүдө.
Буга чейин депутаттар Жээнбековго бир катар суроолорду берип, жооп алышты.
Төрагалыкка жалгыз талапкер болгон Жээнбеков Жогорку Кеңештин V чакырылышын да жетектеп келген.