Сариев милиция кыска убакытта элдин ишенимин кайтарышы керектигин эскертти

Жазылуу
Бүгүн милиция кызматкерлери үчүн 207 батирлүү үйдүн пайдубалын түптөө аземи болуп, ага өкмөт башчы Темир Сариев катышты. Премьер-министр кылмыштуулукка каршы күрөштүн сапатын жогорулатуу — милициянын алдындагы негизги милдеттердин бири экенин белгилеп өттү.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Милиция кыска мезгилде элдин ишенимин толук түрдө кайтарышы керектигин премьер-министр Темир Сариев Ички иштер министрлигинин кызматкерлери үчүн курула турган 207 квартиралуу үйдүн пайдубалын түптөө аземинде билдирди. 

Милициянын 180 кызматкери Көк-Жар конушунан үйлүү болду
Өкмөт башчы жаңы конуштуу болгон милиция кызматкерлерин куттуктап, жалпысынан өлкө боюнча укук коргоо, аскер жана коопсуздук кызматкерлери үчүн 1,5 миң батирлүү көп кабаттуу үй курулуп жатканын белгиледи. Бул үчүн республикалык бюджеттен 3 миллиард 195 миллион сомдон ашык каражат каралган. 

Сариев өлкөдөгү акыркы окуялар коопсуздукту жана коомдук тартип сактоонун канчалык маанилүү экенин көргөзгөнүн кошумчалады.

"Бюджеттин тартыштыгына карабай укук коргоо, чек ара, коопсуздук кызматкерлери жана аскерлерге бардык шарт түзүлүп жатат. Мындан улам укук коргоо кызматкерлерине карата дагы талаптар катуулай турганын эскертким келет. Бул тармактын ишин жакшыртуу жана элдин милицияга болгон ишенимин кайтаруу, милициянын реформасын ишке ашыруу — коомчулуктун негизги талаптарынын бири", — деди премьер-министр.

Өкмөт башчы укук коргоо кызматкерлери мамлекеттик бийликтин күзгүсү экенин белгилеп, алардын мыйзам чегиндеги ишине жараша жарандардын бийликке болгон мамилеси аныкталарын кошумчалады.

"Кылмыштуулукка каршы күрөштүн сапатын жогорулатуу — милициянын алдындагы негизги милдеттердин бири. Ал эми форма кийген бир адамдын адепсиз жоругу жалпы укук коргоо кызматкерлеринин, дегеле мамлекеттик бийликтин беделине көлөкө түшүрөт. Андайларга каршы эң катуу чаралар көрүлүп, чечкиндүү түрдө күрөш жүргүзүш керек", — деди Сариев.

ИИМ кызматкерлери үчүн курулуп жаткан 207 квартиралуу үйгө мамлекеттик бюджеттен 460 миллион 560 миң сом бөлүнгөн. Анын курулушун 2016-жылдын күз айларына чейин бүткөрүү пландалууда. Аталган жерге курулуштун экинчи этабынын алкагында ИИМ кызматкерлери үчүн 216 квартиралуу көп кабатуу үйлөрдү салуу каралап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0