БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүндө айыл чарба жер тилкесин жеке адамдын менчигине мыйзамсыз өткөрүп берилген факты аныкталганын УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, 2014-жылы айыл өкмөтү менен Мамлекеттик каттоо башкармалыгынын жетекчилиги жең ичинен сүйлөшүп алып, 1,76 гектардык жер аянтын жеке турак-жай куруу үчүн аталган аймактын жашоочусуна өткөрүп берген.
Аталган факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Жер мыйзамын бузуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.
Тергөө иштери улантылууда.