Сасык тумоого каршы вакцина Кыргызстандын булуң-бурчуна таратылды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүСасык тумого каршы вакцина. Архив
Сасык тумого каршы вакцина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл сасык тумоого кабылгандардын саны былтыркыга караганда көп катталганы маалым болгон. Мындан улам министрлик илдеттин алдын алуу максатында эмдөөдөн өтүү зарылдыгын белгилейт.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстан боюнча ушу тапта сасык тумоо менен ооруган адамдардын саны былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 11 пайызга көп экенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гулжигит Аалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына күнүнө 250дөй жаран кайрылып жатат
Маалыматка ылайык, өткөн жылы 1896 жаран ооруп бейтапканага кайрылса, бул жылы илдетти жуктургандардын саны 2142 адамды түзгөн. Аталган дартка кабылгандардын көпчүлүгү Бишкек шаары жана Чүй облусунан экени белгилүү болгон. 

Министрлик сасык тумоонун алдын алуу үчүн мөөнөтүнөн өткөрбөй эмдөөдөн өтүү зарылдыгын белгилейт. 

Саламаттык сактоо министрлиги каражаттын тартыштыгынан улам 7 миллион 728 миң сомго 24 миң 150 дозалык өлчөмдө сасык тумоого каршы вакцина сатып алган. Учурда дары республиканын шаар жана облустарына медицина кызматкерлерин, балдар үйүнүн тарбиялануучуларын, карылар үйүндө жашагандар жана кош бойлуу аялдарды эмдөө үчүн таратылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0