Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына күнүнө 250дөй жаран кайрылып жатат

© Sputnik / Расул УсеналиевЖугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гулжигит Аалиев. Архив
Жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гулжигит Аалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарындагы республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына ич өткөк оорусу менен кайрылгандар көп болууда. Оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, жай келип жер-жемиштер бышкандыктан ич өткөк оорусу менен кайрылгандар көп.
Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына күнүнө 250дөй жаран кайрылып жатат

— Ооруканага учурда кайсыл дарт менен кайрылгандар көп болууда? 

Күйдүргү дартына шектелгендерден оору аныкталган жок
— Жай келип жер-жемиштер бышкандан тарта ич өткөк көбөйөт. Өзгөчө эл жер-жемишти ар кайсы жерден алып, аны тазалап жуубай жешет. Мындай учурда микробдор ашказанга кирип, ич өткөк ооруларына алып келет. Мындай дарт менен кайрылгандардын 90 пайызы жаш балдар.

Азыр бир суткада орто эсеп менен 200-250 киши кайрылат. Алардын ичинен 100-120сы ич өткөк менен кайрылгандар. Алардын ичинен 50 пайызынан ашыгы ооруканага жаткырылат, себеби алардын оорусу өтүшүп кеткен болот. 

— Оорунун алдын алуу боюнча кандай профилактикалык иштерди жасаш керек?

— Биринчиден эң жөнөкөй санитардык гигиеналык норманы сактоо кажет — колду таза жууш керек. Бала ойноп келгенден кийин, дааратканага баргандан кийин колду милдеттүү түрдө жууш керек. Ошондой эле, тамактануунун алдында да колду жууш керек.

Экинчиден, колдонуп жаткан жер жемишти таза, туура жуу керек. Жашылчаларды кайнатылган өтө ысык эмес суу менен жууш керек. Кээде биз арыктагы сууга эле жашылча-жемишти жууп жеп жатабыз.

Үчүнчүдөн, бул — таза суу көйгөйү. Тилекке каршы Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болгон эмес. Айыл жергесин коюп эле шаардагы жаңы конуштарды алалы. Ал жакта таза суу жок. 

— Мындай жагдайдан кантип чыкса болот, сууну кандай колдонуу керек?

Бишкекте ысык аба-ырайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күндүн ысыгынан улам, тез жардамга адаттан тыш кайрылгандар болгон жок
— Өзгөчө жай мезгилинде ата-энелер сууну кайнатып, муздатып коюп колдонсо жакшы болот. Себеби, ич өткөк эң көп суудан жугууда. Кээ бири арыкка жатып алып арыктан суу ичип атышпайбы.

Кээси эттен, сүттөн, жумурткадан жасалган тамактар артып калса, аларды анан жейбиз деп ысык жерге коюп коюшат. Кечинде жасаган тамагы артып калса аны эртең менен ичебиз деп коюп коюшат. Эртең менен жылытып ичишет. Эгер ал тамак керектүү болгон температурада сакталбаса сөзсүз түрдө бузулат. Бул жагына да чоң көңүл буруш керек. 

Ысыктын күнү көчөдө даярдалган тамактарды алып жебегенге аракет кылуу кажет. Себеби алар тийген күндүн алдында эле турат. 

Учурда ооруканада 150 киши ичи өткөк оорусу менен жатат. Алардын 90 пайызы жаш балдар.

Ич өткөктөн сактануунун жолдору

P.S. 

* Оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев жыл мезгилдерине карата оорулар да чыгып турарын кошумчалады. Мисалы, жаз-жай мезгилинде ич өткөк көбөйсө, күзүндө сарык оорусу көбөйөт. Кыш келери менен сасык тумоо жана менингит оорулары чыгат.

* Дарыгер ошондой эле, рекламадан берилип жаткан дарыларды каалагандай колдоно берүү терс натыйжаларга алып келерин айтат. Себеби, дарыны туура эмес ичсе ал адамга жардам бермек түгүл зыян алып келиши ыктымал.

* Эң башкысы тез бузула турган азык-түлүктөн абайлоо керек. Эттен, сүттөн, жумурткадан даярдалган тамактар. Биринчиден аны көрүнгөн жерден эле ала бербеш керек, андан сырткары анын жарамдуу мөөнөтүн сөзсүз кароо керек. Жараксыз болгон азык-түлүк түрдүү ооруларга анын ичинен уулануу жана ич өткөккө алып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
loader