Турганбаев: Итибаев жакын таанышы Кайрат Салиевдин үйүндө жашырынып келген

© Sputnik / Виктор ТолочкоИИМ башчысы Мелис Турганбаев. Архив
ИИМ башчысы Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр кылмыштуу топтун мүчөсү Салиевдин да издөөдө жүргөнүн, айрым булактар боюнча анын Сирияда каза болгону тууралуу маалымат бар экенин белгиледи.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качып чыккан кооптуу кылмышкер Алтынбек Итибаев Эркингүл Мамбеталиева аттуу жаранга таандык үйдө жашырынып келгенин ИИМ башчысы Мелис Турганбаев маалымат жыйынында билдирди.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Турганбаев: Итибаевдин "Достукта" экенин милиция так билген эмес
Кечээ, 22-октбярь күнү түнкү саат 22.30да "Достук" кичирайонунда жашырынып жаткан Итибаев жок кылынган. Үч саатка созулган атайын операцияны ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаев жетектеп,  атышуу учурунда Тез арада аракетке келе турган атайын даярдыктагы отряддын жоокери 37 жаштагы Төлөбек Исмаилов башына ок тийип каза болгон.

Министрдин айтымында, Мамбеталиеванын уулу Кайрат Салиев Итибаевдин жакын таанышы болгон. 

"Салиев учурда издөөгө алынган. Анын Сирияда каза болгондугу тууралуу да маалыматтар бар. Салиев өлгөндөн кийин Итибаев анын аялына үйлөнгөн экен. Алардын салты ушундай экен го", — деди Турганбаев.

Министр кылмышкер Бишкек шаары менен Чүй облусунда изделип келгенин, "Достукта" иштеп жаткан топ Итибаевдин аталган аймактагы үйлөрдүн биринде экенин билгенден кийин калган кызматкерлер ошол жерге тартылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0