БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качып чыккан 29 жаштагы Эдил Абдырахманов "Ала-Тоо" айылында кармалганын ИИМ билдирди.
Буга чейин анын "Туңгуч" кичирайонунда байкалганын, аймак курчоого алынып тинтүү иштери жүрүп жатканы маалымдалган.
Өткөн аптанын башында Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыккан. Аларды токтотууга аракет кылган ЖАМКтын үч кызматкери өлтүрүлүп, дагы бири оор жарадар болгон. Ал беш күндөн кийин ооруканада эсине келбей жатып көз жумган.
© пресс-служба ГСИН КРАбдрахманов Эдил Алимжанович
Абдрахманов Эдил Алимжанович
© пресс-служба ГСИН КР
Учурда түрмөдөн качып чыккан кылмышкердин бири Алтынбек Итибаев эркиндикте жүрөт.