Тоолуу Кыргызстанга күз билинбей келет. Аптаптуу жайдын илебин жергиликтүү эл күз ортолоп калганга чейин туюп-сезип турат.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 9-октябрда абанын температурасы 34,2 градуска жетип, бул айдын 117 жылдан берки рекордун жаңылады. Буга чейин 1941-жылдын күз айы ушундай ысык болуп, 34,1 градуска чейин жеткен экен.
Бирок табият өз өкүмүн жүргүзүп келет эмеспи. Барган сайын күн салкындап, октябрдын аягы бир сууктай түшөрү болжолдонуп жатат.
Кеч күздүн мелүүн тарткан аба ырайы маанайыбызды түшүрбөстөн, тескерисинче той-топ, шаан-шөкөт көбөйүп көңүлүбүздү көтөрөт деп ишенебиз.

Алтын күз. Бишкектин сейил бактарынын бири

Шаарда күн салкын, аны бактардагы жалбырактардын саргайышы да тастыктап турат

Калаабыздын бото көз сулуулары бардык мезгилде жаркылдап маңдайы жарык жүрөт

Алтын менен жалындаган оттун түсүн кийген бактар

Түшкөн жалбырактар менен "Тазалыктын" кызматкерлерине күнүгө салгылашып келет

Шаардыктар дачаларындагы түшүмүн жыйнап алды. Эми талаалар да бактар сыяктуу бош калат

Түйшүктөн алыс наристелер жада калса жалбырактар менен да оюн салып кетишет

Азырынча жайкы кафелерде көңүл ачкан эс алуучуларды кездештирүүгө болот

Толордон улуу, тоолордон керемет күзгү тоолор гана болушу мүмкүн

Көп өтпөй саргайган талааларда чыгып оттогон мал да көрүнбөй калат

Эртели-кеч "асман бүркөк, жарк дегенде чагылган..."

Муздак суу атырылып чыккан фонтандар мурдагыдай сергите албай калды

Күзгү маанай адамдардын жалгыздап басууга, ой-жүгүртүүгө үндөгөндөй

Табышкан эки жүрөккө кайсы мезгил болбосун баары бир эмеспи...
