БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Ири көлөмдө алдамчылыкка шектелип Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин мурунку вице-консулу кармалганын ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, элчиликтин аталган кызматыкери Кыргызстан менен Россиянын төрт жаранын алдап, жалпы жонунан алардын 26 миң доллар жана 1 миллион 300 миң рубль акчасын алган боюнча из жашырып кеткен.
Текшерүү маалында мурунку вице-консул жарандардан 2014-жылы чыккан "Лексус RX", "Тойота" унааларын алып берем деген шылтоо менен алганы анык болду.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иш-чараларынын натыйжасында мурунку вице-консул колго түшүрүлгөн.
Учурда ал камакка алынып, тергөө иштери башталды.