Кыргызстандын кубогунун финалы 24-октябрда Кант шаарында өтөт

Жазылуу
Жарым финалдык беттеште "Абдыш-Ата" Оштун "Алайын" утуп алса, "Наша пиво" бишкектик "Дордойдон" күчтүү экенин далилдеди. Ошентип финалга Кант шаарынын командалары чыкты.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызстандын кубогунун финалында Кант шаарынын командалары — "Абдыш-Ата" менен "Наше Пиво" чыкты. Чечүүчү беттештер 24-октябрда Кант шаарында өтөт.

Улуттук кураманын футболчулары "Абдыш-Атадан" күчтүү экенин көрсөтүштү
Биринчи лигадагы "Наша пиво" командасынын жеңишин эң күтүлбөгөн деп айтса болот. Өткөн жылкы кубоктун жеңүүчүсү "Дордой" командасы Канттын командасы менен (2:2) тең чыкты. Андан кийинки беттеште 0:0 эсебинде тең чыгышы алардын тарыхта биринчи жолу финалга чейин келишине шарт түздү.

Финалга чыккан экинчи команда Канттын "Абдыш-Атасы" биринчи беттеште Оштун "Алай" командасы менен тең чыгып, кийинки беттеште атаандашынын дарбазасына төрт гол киргизген.

Жаңылыктар түрмөгү
0