БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. КРдин улуттук курама командасы Канттын "Абдыш-Ата" клубун утуп алганын Футбол федерациясы билдирди.
Жолдоштук беттеш Кант шаарынын "Центральный" стадионунда өттү.
Мелдеш кызыктуу өтүп, атаандаштар бир-бирине кооптуу учурларды жаратты. Жыйынтыгында Александр Крестинин машыктырган оюнчулары күчтүүлүгүн көрсөтүп, Канттын командасын 2:1 эсебинде утуп алды.
Тажикстан менен болчу мелдеш 8-октябрда Бишкек шаарында кечки саат 8.00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Билеттер сатыла баштады.