БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качып чыккан кылмышкерлердин колунан каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө жана жарадар болгон кызматкерге өкмөт 50 миң сомдон бөлө турганын вице-премьер Абдырахман Маматалиев Тилек Абылгазиевди көрүү үчүн ооруканага келгенде билдирди.
Ал эми кылмышкерлер катуу жарадар кылган подполковник Абылгазиев бүгүн Чүй облустук ооруканасынан Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө которулуп, операция жасалды. Дарыгерлер анын баш сөөктөрү сынып, мээсине доо кеткен деген бүтүм чыгарышкан. Учурда адистер бейтаптын абалы оор деп бааланганы менен дем алуусу бир калыпка түшкөнүн айтууда.
Маматалиев жабырлануучунун жакындары менен жолугуп, аны дарылоого мыкты адистер тартылганын, керектүү дары-дармектер жетишерлик экенин белгиледи.
"Өкмөт кызмат өтөп жатып каза болгондордун ар бирине жана жабыркан жаранга 50 миң сомдон бөлдү", — деди вице-премьер.
Мындан тышкары, Маматалиев качкындарды табуу үчүн укук коргоо органдары тарабынан комплекстүү иш-чаралардын планы түзүлүп, бардык аракеттер көрүлүп жатканын, кылмышкерлерди издөөгө республиканын бардык күч түзүмдөрү тартылганын белгиледи.