Иш сапарынын алкагында Алмазбек Атамбаев Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугат.
Өлкө башчылары кыргыз-орус мамилелеринин өнүгүшүн, биргелешкен долбоорлордун ишке ашуусун жана ошондой эле ЕАЭБ алкагындагы кызматташууну талкуулашат.
Буга чейин президент Атамбаев Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктаган. 63 жашка чыккан Россиянын башчысы 1952-жылы 7-октябрда туулган.