БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Тажикстандын футболчулары Бишкекке өткөн жекшемби күнү келгенин тажик футбол федерациясы билдирди.
Кыргызстан менен Тажикстандын футболчулары дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында беттешет. Оюн 8-октябрь күнү Бишкектин борбордук стадионунда өтөт.
Душанбеден Кыргызстандын борбор калаасына тажик курама командасынын 22 оюнчусу келип түштү. 5-октябрда башкы машыктыруучу Мубин Эргашевдин командасы алгачкы машыгуусун өткөрдү.