БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Өзгөн районунун 23 жаштагы тургуну төрт жаштагы кызын Ош эл аралык аэропортунан Россияга жасалма күбөлүк менен алып чыгып кетүүгө аракет кылган учурда кармалды. Бул тууралуу Ош облусу боюнча ИИББдын маалымат кызматы билдирет.
Аталган окуя 26-сентябрдан 27-сентябрга караган түнү Ош эл аралык аэропортунда болгон. 23 жаштагы Өзгөн районунун тургуну төрт жаштагы кызына беш жаштагы башка кыздын атына берилген күбөлүктү жасалмалап, аны нотариус аркылуу күбөлөндүргөн.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.