БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Режиссер Асел Жураеванын "Меккеге карай жол" тасмасы Москвада өткөн I Эл аралык кинофестивалда "Мыкты кыска метраждуу документалдык тасма" номинациясын утуп алганын Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, фестиваль 2015-жылдын 20-27-сентябрь күндөрү болуп өткөн. Ага дүйнөнүн 30га чукул өлкөсүнөн келген тасмалар катышты.
Иш-чаранын максаты — патриоттулукка чакырган чыгармалардын санын көбөйтүү, мыкты чыгармалардын авторлорун колдоо болуп саналат.
Кыргызстандык тасма ээ болгон наамдын байгесин фестивалдын уюштуруучулары элчиликке тапшырды.