00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Почему Кыргызстану понадобился Следком и чей пример взять за основу?
08:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Азыркы жаңы тууну тескери илип алуу мүмкүн эмес. Туу жасаган ишкана менен маек
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
ЕАЭС и Монголия: что даст новое соглашение экономике КР
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйыл борбор калааны кооздого канча гүл отургузулат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
13:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что важно знать о раке и ранней диагностике — беседа с онкологом
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Может ли искусственный интеллект изменить экономику Кыргызстана?
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Абдыбахапов аны Ташиев жан-жөкөрлөрү менен сабаганын айтса, экинчи тарап аны четке кагууда

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКамчыбек Ташиев. Архив
Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты боюнча Жалал-Абад ИИББ Кылмыш жаза кодексинин 234-беренесинин (Бейбашчылык) негизинде кылмыш ишин козгогон. Милициянын маалыматына ылайык, Абдыбахаповдун денесине залал келип, ал ооруканага жаткырылган.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) 26-сентябрда түштөн кийин Сузак районунун Бек-Абад айылында "Республика – Ата-Журт" саясий партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев менен "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Абдыманап Абдыбахаповдун ортосунда кайым айтышуу болуп, ал мушташка чейин жеткенин жазып чыгышкан. 

Абдыбахапов ооруканада дарыланып жатканын өзү Sputnik агенттигине ырастады. Эгер Ташиев аны сабаган жокмун десе, Куранды кармап туруп айтсын дейт ал.

"Кудайга шүгүр, кабыргаларым сынбаптыр. Бирок тепкилеп урганда денем көк ала болуп калыптыр. Дене көк ала болгондо сынгандан да катуу ооруйт экен", — дейт ал. 

Абдыбахаповдун билдиришинче, Ташиев менен анын ортосундагы мушташ улуттук азчылык маселесинен улам келип чыккан.

"Биринчи инилерин мени алып кел деп жөнөтүптүр. Мен барбайм деп аларды жолго салгам. Бир сааттан кийин ал өзү келиптир. Кулактан, чачтан кармап тепкиледи. Бул жерде сегиз адам келип уруп кетип атат. Биздин саясий партиянын атрибуттарын ал өзү баш болуп жулду. Эркек болсо, жалгыз чыкпайт беле", — дейт ал.

Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ташиев менен Абдыбахаповдун мушташы боюнча кылмыш иши козголду
Абдыбахапов аталган окуя боюнча Ташиевдин үстүнөн арыз жазганын кошумчалады. Укук коргоо органдары бул мушташ боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ал эми "Республика — Ата-Журт" партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев тараган бул маалыматтарды алардын партиясына карата болгон чагымчыл аракет экенин ЖМКларга билдирген. 

Анын айтымында, Абдыбахапов аны сүйлөшүү үчүн штабга чакырган. Бирок ал Ташиевди провокациялап, аны менен мушташууга аракет кылган. Анын кийимин айрып койгонун, Абдыбахапов өзү эле отургучтарга чалынып кулап, "мени өлтүрдү, кабыргаларымды сындырды, мен азыр журналисттерди чакырым, арыз жазам" деп кыйкырып-өкүргөнүн билдирген.

Ал ортодо Борбордук шайлоо комиссиясы Ташиев тизмеден, ал эми партия жарыштан алынышы мүмкүн экенин билдирди. БШК мүчөсү Канатбек Азиздин айтымында, талапкерлер ортосундагы мушташ орчундуу мыйзам бузуу болуп эсептелинет.

"Эгер Ташиевге карата кылмыш иши козголсо, ал тизмеден алынышы мүмкүн. Бул "Республика — Ата-Журт" партиясынын же алардын жакындарынын башка партиялардын өкүлдөрүн ур-токмокко алган биринчи эле учур эмес. Мындан партия, жок дегенде, эскертүү алат, болбосо шайлоо жарышынан алынат", — дейт БШК мүчөсү.

БШК: Ташиев мушташы үчүн тизмеден, партия шайлоо жарышынан алынышы мүмкүн
Аталган факты боюнча Жалал-Абад ИИББ Кылмыш жаза кодексинин 234-беренесинин (Бейбашчылык) негизинде кылмыш ишин козгогон. Милициянын маалыматына ылайык, 

Абдыманап Абдыбахаповдун денесине залал келип, ал ооруканага жаткырылган. Жабырлануучу ошондой эле, анын чөнтөгүнөн 20 миң долларды алып кетишкенин кошумчалады.

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына белгиленген парламенттик шайлоого 14 партия катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0