00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

БШК: Ташиев мушташы үчүн тизмеден, партия шайлоо жарышынан алынышы мүмкүн

Жазылуу
БШК мүчөсү Канатбек Азиздин айтымында, адамдын жабыркашына алып келген мушташ "Республика — Ата-Журт" партиясынын алгачкы мыйзам бузуусу эмес.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутаттыкка талапкер Камчыбек Ташиев тизмеден, ал эми партия жарыштан алынышы мүмкүн экенин БШК мүчөсү Канатбек Азиз билдирди.

Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ташиев менен Абдыбахаповдун мушташы боюнча кылмыш иши козголду
Буга чейин маалымат каражаттарында бейшемби күнү аталган партиянын тең төрагасы Ташиев менен "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан талапкер Абдыманап Абдыбахаповдун ортосундагы пикир келишпестик жаралып, натыйжада Ташиевдин атаандашына кол көтөргөнү тууралуу жазылган. Талапкерлердин мушташы Жалал-Абаддын Сузак районунда болгон. Учурда жабырлануучу ооруканада дарыланууда.

Канатбек Азиздин айтымында, талапкер ортосундагы мушташ орчундуу мыйзам бузуу болуп эсептелет.

"Эгер Ташиевге карата кылмыш иши козголсо, ал тизмеден алынышы мүмкүн. Бул "Республика — Ата-Журт" партиясынын же алардын жакындарынын башка партиялардын өкүлдөрүн ур-токмокко алган биринчи эле учур эмес. Мындан партия, жок дегенде, эскертүү алат, болбосо шайлоо жарышынан алынат", — дейт БШК мүчөсү.

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына белгиленген парламенттик шайлоого 14 партия катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0